Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:20

Иран АКШнын президенти Дональд Трамптын 2015-жылкы эл аралык макулдашуудан бир тараптуу чыгаарын жарыялаган чечимин “кыжырдануу менен” кабыл алды.

Шаршембиде Ирандын мыйзам чыгаруучулары парламентте Кошмо Штаттардын желеги тартылган кагазды өрттөп, “Америкага өлүм!” деп кыйкырышты.

Парламенттин төрагасы Али Ларижани макулдашууну сактап калуу Евробиримдиктин жана башка дүйнөлүк державалардын колунда экенин айтты.

Трамптын макулдашуудан чыкканы дипломатиялык оюн болду. Мындай кырдаалда Иран өз милдеттенмелерин аткарбайт” – деди Ларижани шаршембиде. Ал “Трамп күчтү гана түшүнөт окшойт” деп кошумчалады.

Иран парламентинин спикери ошондой эле өлкөсүнүн өзөктүк программалар департаментин “өзөктүк ишмердиктин бардык жактарын кайра калыбына келтирүүгө” чакырды.

Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи Трамп “ката кетиргенин” билдирди.

8-майда президент Дональд Трамп АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыга турганын, андан тышкары Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайра киргизерин жарыялады. Ал өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер болгон кезинен бери эле кескин сындап келаткан.

Келишимге катышкан Европа өлкөлөрү АКШны андан чыкпоого үндөп, Иран эгерде Вашингтон мындай кадамга барса "өкүнүп" калаарын эскерткен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG