Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Помпео Пхеньянда кармалган үч АКШ жаранын алып кетти


Мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтондо. 2-май, 2018-жыл.
Мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтондо. 2-май, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяда сапарда жүргөн мамлекеттик катчы Майк Помпео Пхеньян туткундаган үч америкалык жаранды алып келатканын билдирди.

“Мамлекеттик катчы Майк Помпео Түндүк Кореядан баарыбыз күтүп жаткан үч мыкты жигитти алып учуп келатканын кубаныч менен кабарлайм. Алардын саламаттыгы жакшы” - деп жазды "Твиттер" баракчасына.

Помпео Пхеньянга АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жогорку даражадагы жолугушуусуна даярдык көрүш үчүн барган. Вашингтон администрациясынын өкүлдөрү мамкатчы Пхеньянда камакта жаткан үч америкалык жаранды бошотуш үчүн Түндүк Кореяга басым көрсөтүү аракетин улантарын буга чейин билдирген.

“Ондогон жылдар бою душман болуп келдик. Биздин элибиз татыктуу болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачыш үчүн бул жаңжалды чечүүнүн, дүйнөгө дүрбөлөң салган коркунучтарды жоюунун үстүндө бирге иштешүүгө үмүттөнөбүз”, - деди Помпео Пхеньяндын өкүлдөрүнө.

Помпео өткөн айда да Түндүк Кореяга барып кеткен. 7-майда мамлекеттик катчынын Вашинтондон Пхеньянга жол тартканы расмий айтылган жок.

XS
SM
MD
LG