Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:20

Сот Матраимовдун өкмөткө каршы арызын карай баштады


Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.
Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту азыр Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкмөткө каршы арызын карап жатат.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Матраимовдун арызын кароо боюнча алгачкы жараян 2-майга белгиленип, бирок тараптардын өкүлдөрү келбей калгандыктан өткөн эмес. Натыйжада жараян бүгүнкүгө коюлган.

Райымбек Матраимов өкмөттүн аны кызматтан алуу тууралуу чечимин "мыйзамсыз" деп табууну жана кайра кызмат ордуна кайтарууну өтүнүп сотко кайрылган. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун анын иши "саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген.

Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Мамлекеттик бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 миллион сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болжолдонгон 7 миллион сомдун ордуна болгону 1,5-2 миллион сом гана жыйналып келгенин жарыялаган.

Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” Исаков инисин "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен кызматтан алганын” айткан. Мындан тышкары, ал бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүн чек аралардын ачылышы, жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилиши менен түшүндүргөн. (NT)

XS
SM
MD
LG