Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Парламент ЖЭБ чуусун түштөн кийин талкуулайт


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Жогорку Кеңеш Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун бүгүн түштөн кийин угуп, талкууламай болду. Парламенттин бүгүнкү жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. Комиссия чыгарган корутунду депутаттарга таанышуу үчүн таратылып берилди.

КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков азыр эл Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты эмес, модернизациялоого кеткен каражаттын чоо-жайын билүүгө кызыгаарын белгиледи.

- Канча комиссия түзүлдү, этегине чыктыбы? Максим Бакиевдин мүлкү, Дача СУ боюнча аягына чыктыбы? Чыккан жок. Комиссияга "керт башым менен жооп берем" деген Сапар Исаков кетип калбадыбы. Калиев камалып кетпедиби. Мурда эле чыгарса болбойт беле? Азыр элдин баары билет, 600 долларлык аттиш менен 1 миллиондук видиобайкагычты.

Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия ЖЭБде январь айында болгон кырсыктан кийин түзүлгөн. Ал алгач эки ай иш алып бармакчы болуп, кийин иш мөөнөтү узартылган. Дээрлик үч айдан ашуун иштеген комиссия 8-майда корутундуну кабыл алган. Корутундуда "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деген жетекчилердин ишине укуктук баа берүү сунуш кылынды.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, бул тизмеге 30га жакын адам кирди. Модернизациялоо ишин аткарган ТВЕА компаниясынын чакыруусу менен Кытайга иш сапары менен барган депутаттар тобуна да баа берүү зарыл экени айтылды.

Ошондой эле президентке, Жогорку Кеңешке жана башкы прокурорго Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллардын максаттуу пайдаланылышын, кызмат адамдарынын кытайлык ТBEA компаниясынын өкүлдөрү менен байланышын, сатылып алынган жабдыктардын жана аткарылган иштердин наркынын негиздүүлүгүн текшерүү сунуш кылынды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG