Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкмөткө каршы арызын карады.
Матраимовдун адвокаты Татьяна Карыжинская сотто анын кызматтан мыйзамсыз алынганын айтты. Адвокат буга Матраимов чет мамлекетте дарыланып жүргөндө иштен алынганын жүйө келтирди. Ал эмгекке жараксыздык тууралуу маалымкатка карабай кызматтан алуу менен мыйзам бузулганын белгилеп, аны ордуна кайра дайындоо тууралуу арызын толук канаттандырууну өтүндү.
Бүгүнкү сотко бардык тараптардын өкүлдөрү келди. Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева "Азаттыкка" билдиргендей, Исаковдун өкүлү иштин материалдары менен толук таанышып чыгыш үчүн убакыт сурап, кийинки жараян 17-майга белгиленди:
- Алгач өкмөттүн өкүлү иш менен толук таанышып чыгууну өтүнүп, ишти карап жаткан судья аны жарым-жартылай канааттандырган. Андан кийин ал Матраимовдун өкүлү Карыжинская менен макулдашып, сот 17-май, саат 14:00гө коюлду.
Эл ичинде "Райым миллион" атыккан Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп быйыл апрелде өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.
2017-жылдын 23-ноябрында Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимге "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деген негиз келтирген. (NT)