Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:52

Ошто радикализм маселелери талкууланууда


Ошто өткөн жыйын.

Ош шаарында диний радикализмдин кесепети жана анын алдын алуу чаралары талкууланууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында диний уюмдардын, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун бул боюнча алака-катышын күчөтүп, кызматташуу маселеси каралып жатат.

Иш-чара “2014-2020-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын” алкагында уюштурулду. Концепция 2014-жылдын 14-ноябрында бекитилген. Талкуу быйылкы "Аймактарды өнүктүрүү жылына" да арналды.

Дин иштери боюнча комиссия буга чейин Бишкекте радикализмдин алдын алууну талкуулаган жыйын өткөргөн.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш майданында 92 кыргызстандык өлтүрүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алар мурдагы жылдары кеткенин, кийин согуш талаасына баргандар дээрлик катталбаганын маалымдаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG