Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга барууга камынган жарандарга кайрылып, коңшу өлкөгө киргенден соң 5 күн ичинде каттоого туруу зарыл экенин эскертти.
Мындай билдирүү 11-май күнү министрликтин сайтына жарыяланды. Анда кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрында чыккан токтомуна ылайык, өзбекстандыктар Кыргызстандын чек арасынан өткөн соң 5 күн ичинде каттоого туруу зарыл экендиги айтылат. Эрежени сактабагандарга кыргыз улуттук валютасы менен 10 миң сом айыппул салынат.
Ал эми кыргызстандыктар Өзбекстанга барганда 3 күн ичинде каттоого турууга тийиш.
Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы быйыл Өзбекстандан келген мигранттар көбөйгөнүн билдирген. Ал жактан келген аялдар талааларда, эркектер курулушта иштеп жатышат. Андан тышкары, эки жакка каттаган тууган-уруктар да көп. (SE)