Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Ирактагы шайлоо тилкесинде терракт чабуулу токтотулду


Иракта добуш берүүгө келген аял. Сүрөттүн жоочулар менен байланышкан окуяга тиешеси жок.
Иракта добуш берүүгө келген аял. Сүрөттүн жоочулар менен байланышкан окуяга тиешеси жок.

Ирактын күч түзүмдөрү шайлоо тилкелеринин биринде терракт жасоону пландаган эки жоочуну жок кылды. "Ас-Сумария" телеканалы кабарлагандай, Дияла аймагындагы добушканага куруна жардыргыч зат бекитип, автомат көтөргөн белгисиз кишилер кол салууга аракет кылган. Күч кызматкерлери аларды жок кылууга үлгүргөн. Аймакты 30 миңдей аскер жана полициячы көзөмөлгө алды.

"Ал-Хадас" телеканалынын эсебине ылайык, өлкө боюнча 11-майдан тарта миллонго чукул коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Иракта бүгүн парламенттик шайлоо өтүүдө. Парламенттеги 328 орунга 7,4 миң талапкер ат салышууда. Бийликке келүүгө 320 партия, альянстар жана көз каранды эмес талапкерлер бел байлаган.

Иракта 24 миллиондой адам добуш берүүгө укуктуу.

2003-жылы Саддам Хуссейндин режими кулагандан кийин Ирак ушуну менен төртүнчү жолу шайлоо өткөрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG