Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сочиде Армениянын жаңы шайланган премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Жээнбеков жолугушууда Никол Пашинянды премьер-министрлик кызматка шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле ал эки мамлекеттин ортосунда "достук мамиле бекемделип, өнүгөт" деген ишенээрин айтты.
Никол Пашинян Жээнбеков менен таанышканына кубанычта экенин жана куттуктоолор үчүн ыраазычылыгын билдирди.
- Биз ЕАЭБдин алкагында гана эмес, эки тараптуу мамиледе да конструктивдүү иштешүүгө белсенип турабыз. Кыргызстан менен салттуу достук мамилелер бекемделе берет, - деди ал.
Буга чейин оппозицияда болуп келген Никол Пашинян бир айга чукул уланган нааразылык акцияларынан кийин, 8-майда өкмөт башчы болуп шайланган. (NT)