Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Аксы районунда 100гө жакын үйдү сел каптады


Лейлектеги сел. 13-май, 2018-жыл.
Лейлектеги сел. 13-май, 2018-жыл.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол, Райкомол, Кечүү, Тегене айылдарында селден ички чарбалык автожолдор зыянга учурады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бул айылдарда 100гө жакын үйдүн короолорун суу каптады.

Кош-Дөбө айыл аймагындагы Мундуз-Сай дарыясынан да суу ашып, Атала айылында 20 үйдүн короолоруна кирген. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук ыкчам тобу менен жарандык коргонуу комиссиясы сел болгон аймакта тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстанда 12-майдан бери катуу жаан жаап жатат. 13-майдагы катуу жаандан улам Баткен облусундагы Лейлек районунун бир катар айылдарында сел жүрүп, көпүрө, жол, электр мамылары зыянга учурап, байланыш үзүлгөн. Мындан улам бул аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда да ондогон үйлөрдү сел каптады. Аталган райондордо селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG