Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Рахмон орозодо байларды өлкөгө жардам берүүгө үндөдү


Тажик президентинин портретин көтөргөндөр. 3-ноябрь, 2013-жыл.
Тажик президентинин портретин көтөргөндөр. 3-ноябрь, 2013-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ыйык орозо айын утурлай элге багытталган бир жарым сааттык кайрылуусунда өлкөдөгү колунда бар адамдарды жолдорду, тигүү цехтерин, китепканаларды жана мончолорду курууга акча берүүгө үндөдү.

Тажик лидери мусулмандар үчүн милдеттүү болуп эсептелген ыйык беш парздын бирөө - Мекеге зыяратка баруу үчүн корогон акчаны өлкөнүн оңдолушуна сарптоого үндөдү. Президенттин мындай сунушун залдагылар ордунан туруп, узакка кол чаап кубатташты.

Ал эми сөзүнүн аягында Рахмон быйыл өлкөдө кургакчылык болушу күтүлүп жатканын, ошондон улам түшүм аз болоорун, белди бекем бууга кеңеш берди.

65 жаштагы Рахмон 1990-жылдардын башында жарандык согушту башынан кечирген Тажикстанды дээрлик 26 жылдан бери башкарып келет. Азыр анын тун уулу Рустами бир жылдан бери Дүйшөмбү шаарын башкарып жатса, кызы Озода президенттин аппаратынын жетектейт.

XS
SM
MD
LG