“Хьюман Райтс Вотч” уюму Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай адам укуктарынын абалына сереп салган баяндамасын жарыялады. Анда дүйнөлүк мелдештин алдында Орусияда адам укуктарынын абалы начарлап кеткени айтылат.
Укук коргоочулар айрыкча стадиондордо иштеп жаткан мигранттардын укуктары бузулуп жатканына көңүл бурушат. Уюмдун маалыматына караганда, эмгек мигранттарына маяна төлөнбөй, кооптуу шарттарда иштеп жатышат. Быйыл апрелге чейин дүйнөлүк чемпионат өтө турган стадиондордо 21 кишинин өмүрү кыйылган.
Ошондой эле ушул тапта Орусияда тынч жыйындарга чогулгандар кысымга кабылып жатканы, оппозициялык активист Алексей Навальныйдын тарапташтарынын кармалганы белгиленет.
“Хьюман Райтс Вотч” уюмунун Европа жана Борбор Азия программаларынын директору Хью Уильямсон немистердин ARD телеканалынын журналисти Хайо Зеппельтке дүйнөлүк чемпионатты чагылдыруу үчүн барууга Орусияга виза берилбей койгонун «алгылыксыз» нерсе деп эсептейт.
Ошондой эле жаңы баяндамада мелдеш маалында Египеттин курама командасы жайгаша турган Чеченстандагы кырдаалга көңүл бурулат. Учурда "Мемориал” укук коргоо кыймылынын Грозныйдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Оюб Титиев "жалган жалаа" менен камакта жатканы айтылат.
Андыктан “Хьюман Райтс Вотч” Эл аралык футбол федерациясы – ФИФАны Орусияда адам укуктарынын абалына таасир этүүгө үндөдү.