15-майда "Фейсбукта" окуучу кыздардын урушу жарыяланган видео тараган. Андан бир кыз жерде жаткан экинчи кыздын чачынан кармап алып, тилдеп жатканы тартылган. Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова окуучу кыздардын аты-жөнү аныкталганын жана бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.
- Окуя ушул жылдын апрель айынын башында болуп, кыздар жана ата-энелери жарашып алганы белгилүү болду. Бүгүн ал окуучулар жана ата-энелери менен маектешүү жүргүзүлөт, күнөөлүүлөр аныкталса мыйзам чегинде жазаланат. Ал эми мындай фактыга жол берген жана өз кызматына кайдыгер мамиле кылган милиция кызматкерлери болсо, алардын да жоопкерчилиги каралмакчы, - деди Райхан Абдразакова.
Ушул жылдын апрель айында Бишкектеги №78 мектеп-гимназияда окуган кыздар мушташкан видео тараган. Анда мектеп формасындагы кыздар жаңжалдашып, бир кызды чачтан алып, токмоктоп, тилдеп жатышканы тартылган. (ErN/KR)