Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Илмиянов чет өлкөдө экени кабарланды


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов Сауд Арабиясында жүрөт. Бул тууралуу "Азаттыктын" ишенимдүү маалымат булактары кабарлашты.

Илмиянов умрага кеткени, кайра Кыргызстанга кайтып келери жана Рамазан айын мекенинде өткөрөрү айтылууда.

Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

Анын аты Кыргызстандагы көптөгөн чуулгандуу окуяларга байланыштуу айтылып келет. Илмиянов Атамбаевдин тегерегиндеги эң таасирдүү адам экенин, түрдүү мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын ишине кийлигишкенин айрым маалымат каражаттары жазышкан.

Өзү мындай айыптоолорду четке кагып келет. (KE)

XS
SM
MD
LG