Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 16:23

Орто-Сай базарындагы бомба тууралуу маалымат калп болуп чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында кандайдыр шектүү буюмдар же жардыруучу зат табылган эмес. Учурда базардагы соода кайра толугу менен жанданды.

Атайын кызматтын маалымат бөлүмү "Азаттыкка" кабарлагандай, бүгүн түшкү саат 12:30 чамасында белгисиз бирөө "102" нөөмөт кызматына телефон чалып, бомба бар экенин айтып, качып кеткен. Айтылган жерге УКМКнын жана ИИМдин атайын тобу барып, базарды курчоого алып, текшере баштаган.

Кийинки убакта Бишкекте жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан кылмыш фактылары көп катталууда.

Жыл башынан бери эле буга окшогон беш кылмыш иши козголгон. Алардын эң көбү апрель айына туура келет. Бирок террордук акт тууралуу жалган маалымат тараткандардын бири да кармала элек. Талдоочулар муну коомчулукка бүлүк салуу, коомдук-саясий кырдаалга таасир этүүгө аракет кылган күчтөрдүн коркутуу актысы катары сыпатташууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG