Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

Парламент Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын маалыматын угат


Айнаш Токбаева.
Айнаш Токбаева.

Парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылы аткарылган иштер тууралуу да маалыматын угуу маселеси киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Токбаева 15-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде маалымат берген. Жыйында депутаттар тармакта коррупция дагы эле бар экенин, соттордун ишине, сот чечимдерине карата элдин нааразылыгы көп болуп жатканын, реформанын ишке ашпаганын айтып, сынга алышкан. Бир катар саясатчыларга, журналисттерге, оппозиция өкүлдөрүнө карата чыгарылган сот чечимдерине нааразы пикирлер айтылган. Жыйынтыгында Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында "Жогорку соттун судьяларын шайлоо" жөнүндө мыйзамды да карайт. Маселе буга чейин тармактык комитеттин талкуусунан өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG