Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

Бишкекте Борбор Азиядагы уран калдыктарынын таасири талкууланат


Нарындагы Миң-Куш шаарчасы. Бул жерде урандын уулуу калдыктары Туюк-Суу кампасына көмүлгөн.
Нарындагы Миң-Куш шаарчасы. Бул жерде урандын уулуу калдыктары Туюк-Суу кампасына көмүлгөн.

Бишкекте бүгүнкүгө белгиленген эл аралык жыйынды Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү уюштурууда. Ага Кыргызстандын өкмөтүнүн, ЕБ, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин, “Росатом” ишканасынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышат.

Жыйында Кыргызстандагы, Өзбекстандагы жана Тажикстандагы уран калдыктары көмүлгөн жайлардын абалы, алардан туулган коркунучтарды жоюу багытындагы биргелешкен иш-аракеттер, көйгөйлөр тууралуу сөз болот.

Конференциянын жүрүшүндө Евробиримдиктин делегациясынын мүчөсү, Европа парламентинин өкүлү Мишель Риваси менен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги журналисттерге брифинг өткөрүшөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан 92 уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт. (NT)

XS
SM
MD
LG