Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Бишкекте журналисттердин республикалык конференциясы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте кыргыз журналистикасынын кийинки жылдардагы абалын талдаган республикалык конференция өтөт. Уюштуруучулар кабарлагандай, “Маалымат согушунда кантип суурулуп чыгуу керек?” деген темадагы талкуу 26-майда болот. Анда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өнүгүшү, кесипкөйлүктөгү кыйынчылыктар жана ийгиликтер талдоого алынат. Андан тышкары, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы талкууланат.

Жыйындын жүрүшүндө Маалымат каражаттарына каршы арыздарды караган комиссиянын мүчөлөрү жаңыдан шайланып, кыргыз журналисттеринин 23 беренеден турган этикалык кодексине өзгөртүүлөр сунушталат.

Конференция «City Hotel» мейманканасында өтөт. Аны “Медиа өнүгүү борбору” коомдук фонду жана Маалымат каражаттарына каршы арыздарды кароо комиссиясы уюштурууда. Конференцияны өткөрүүгө Венеция комиссиясы колдоо көрсөтөт.

Журналисттердин этикалык кодекси 2007-жылды кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Ал 23 беренеден турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды кароо комиссиясы кодекс кабыл алынгандан бери иштейт. Комиссиянын курамында журналисттерден жана өкмөттүк эмес уюм өкүлдөрүнөн турган 13 киши ыктярдуу түрдө иштешет. Төрагасы – юрист Шамарал Майчиев.

25-апрелде баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Sans Frontières - RSF) уюму жарыялаган жылдык баяндамада Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча тизмеде былтыркыдан тогуз тепкичке ылдыйлап, 98-орунга түштү.

Баяндаманын авторлору муну бийликтин басма сөзгө көрсөткөн кысымы жана журналисттерге, эркин басылмаларга салынган чоң айыппулдар менен негиздеген.​ (SE)

XS
SM
MD
LG