Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Пхеньян өзөктүк полигондун жабылышын кабарчыларга көрсөтөт


Түндүк Кореянын "Пунгери" өзөктүк сыноо полигонунун жандоочтон тартылган сүрөтү. 14-май, 2018-жыл.
Түндүк Кореянын "Пунгери" өзөктүк сыноо полигонунун жандоочтон тартылган сүрөтү. 14-май, 2018-жыл.

Түндүк Кореядагы жер алдындагы өзөктүк полигондун жабылышын чагылдырыш үчүн жыйырмадай журналист 22-майдын таңында Пхеньянга барды. Алардын арасында "Associated Press", CNN, CBS, "Russia Today" жана кытай мамлекеттик медиасынын кабарчылары бар. Ошол эле учурда бир катар эл аралык медианын журналисттерине уруксат берилген жок. Аны менен катар эле АКШнын «полигон толук жабылганын ишенимдүү текшериш керек» деген талабынын аткарылышын бышыктай ала турган техникалык эксперттер да чакырылган эмес.

Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү жандантуу максатында Пхеньян өзөктүк полигондорун жабууга убада берген. Анткен менен Пхеньяндын соңку тараткан билдирүүсүндө Вашингтон АКШ - Түндүк Корея саммитинин “тагдырын этият ойлонушу” зарыл экенин эскерткен.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммити 12-июнда Сингапурда өтөрү жарыяланган.

АКШ алдыдагы жолугушуунун эң башкы жыйынтыгы Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG