Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Түндүк Корея кайрадан таарынды


Ким Чен Ын Түндүк Кореянын өзөктүк программасына тиешеси бар жайына барган учур. Сүрөт 2017-жылы, 3-сентябрда таратылган.
Ким Чен Ын Түндүк Кореянын өзөктүк программасына тиешеси бар жайына барган учур. Сүрөт 2017-жылы, 3-сентябрда таратылган.

Түндүк Корея Түштүк Корея менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүн токтотуп койду. Ал мындан тышкары АКШ менен cаммиттен да баш тартып коюшу мүмкүн экенин эскертти.

Пхеньян өз билдирүүсүндө Түштүк Корея менен АКШнын аскердик машыгуулары токтобой жатканын жүйө келтирди.

Түндүк жана Түштүк Кореянын буга чейинки саммитинен, Вашингтон менен Пхеньяндын соңку карым-катышынан улам акыркы убакта "Корей жарым аралы өзөктүк куралдан арылабы?"деген үмүт пайда болгон.

Түндүк Корея коңшусу Түштүк Корея менен 16-майга белгиленген сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын шаршемби күнү Пхеньяндын мамлекеттик медиасы жарыялады:

- Түштүк Кореяда жүрүп жаткан машыгуу бизге каршы багытталган. Бул Панмунжон декларациясы үчүн чектен чыккан чакырык жана Корей жарым аралындагы оң саясий өнүгүүгө карата эл аралык аскердик чагым. Кошмо Штаттар Түштүк Кореянын бийлиги менен өткөрүп жаткан машыгууларынан жана бул аскердик чагымдан улам АКШ менен Түндүк Кореянын мерчемделген саммитинин тагдырын өтө этият ойлонушу керек, - деп айтылды мамлекеттик теленин диктору окуган билдирүүдө.

Кошмо Штаттар менен Түштүк Корея 100дөй аскердик учак катышкан жана эки жумага созулуучу акыркы аскердик машыгуусун 11-майда баштаган. Вашингтон менен Сеул утур-утур өтүп туруучу бул машыгуулар коргонуу максатын гана көздөй турганын баса көргөзүп келишет.

Түштүк Кореянын аба базасындагы аскерий учактар. 16-май, 2018-жыл.
Түштүк Кореянын аба базасындагы аскерий учактар. 16-май, 2018-жыл.

Түштүк Кореяда АКШнын 28 жарым миң аскери бар. Буга чейин Вашингтон менен Сеул америкалык аскерлердин ал жерде турушу эки Кореянын ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон тынчтык келишимине тиешеси жок экенин билдиришкен. Алар бул маселе АКШ менен Түндүк Корея ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн предмети эмес экенин, бул эки өнөктөш мамлекеттин ортосундагы гана маселе экенин айтышкан.

Түштүк Корея эми Түндүк Кореянын эки тараптуу сүйлөшүүнү токтотуп коюшуна өкүнүчтө экенин белгиледи:

- Түндүк Кореянын министрлер деңгээлиндеги корей жарым аралык сүйлөшүүнү бир тараптуу токтотуу тууралуу чечими өкүнүчтүү. Түштүк Кореянын өкмөтү Панмунжон декларациясын ак ниеттен аткарууга дилгир жана Түндүк Кореяны Корей жарым аралындагы тынчтык, өнүгүү боюнча сүйлөшүүлөргө ыкчам жооп берүүгө чакырат, - деди Түштүк Кореянын өкмөтүнүн өкүлү​ Бак Та Хан.

Эки Кореянын лидерлери быйыл 27-апрелде чек арада, демилитаризациялык аймакта жолуккан. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өтөрү жарыяланган.

Бул саммитти утурлай АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Пхеньянга эки жолу барып, Ким Чен Ын болсо өз өлкөсүнүн башкы саясий жана экономикалык өнөктөшү болгон Кытайга эки жолу келип кеткен.

Өткөн жуманын аягында Түндүк Корея Сингапурдагы саммитти утурлай өзөктүк сыноо өткөрүүчү жайын бузмакчы болгонун билдирип, президент Дональд Трамп муну “айкөлдүк” катары мүнөздөгөн.

Түндүк Кореянын Пунгери өзөктүк сыноо полигонунун спутниктен тартылган сүрөтү. 14-май, 2018-жыл.
Түндүк Кореянын Пунгери өзөктүк сыноо полигонунун спутниктен тартылган сүрөтү. 14-май, 2018-жыл.

Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс 16-майда Fox News телеканалы менен маегинде алар азыр да мурдагыдай эле "саммит болот деген үмүттө турушканын", ошол эле учурда "катаал сүйлөшүүлөргө даярдыгын", кокус саммит өтпөсө Түндүк Кореяга "максималдуу кысым жасоо өнөктүгү" улантыларын белгиледи.

АКШ алдыдагы жолугушуунун эң башкы жыйынтыгы Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жакында CBS телеканалына берген интервьюсунда эгер Пхеньян өзөктүк куралдан баш тартса, АКШдан экономикалык жардам аларына да токтолгон:

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Төрага Ким Америкадан биздин эң мыкты нерселерибизди: ишкерлерди, тобокелге баруучуларды, капитал берүүчүлөрдү алат. Ал жеке капиталды алат. Түндүк Корея өз эли үчүн энергияга, айыл чарба жабдууларына, технологияга муктаж. Биз Түндүк Корея элинин Түштүк менен атаандашып, реалдуу гүлдөп өнүгүшү үчүн шарт түзө алабыз.

АКШнын бийлик өкүлдөрү мурдараак Түндүк Кореянын лидери былтыркы утур-утур ракеталарын сынаган соң кепке келип, эми өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине, ага “болушунча кысым жасалганына” байланыштырган.

Бирок Пхеньян мындай көз карашка нааразы болуп, АКШга “атайылап чагым салбаш” керек экенин, анын сүйлөшүүгө даярдыгын алсыздык катары чечмелебеши зарылдыгын эскерткен.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизген. Ал санкциялардын баары азыр да күчүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG