Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Трамп менен Ким Сингапурда кездешет


Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.
Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин “тарыхый” деп мүнөздөлгөн жолугушуусу келерки айда Сингапурда өтө турган болду. Саммитти утурлай Вашингтон Пхеньяндын камагынан өзүнүн үч жаранын бошотууга жетишти. АКШ өзү жана Түндүк Кореянын жакынкы коңшулары да алдыдагы саммит Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылышына алып барат деп үмүт артууда.

Былтыр өзү “ракета-киши” деп атаган Ким Чен Ын менен узактан бери күтүлгөн жолугушуусу Сингапурда өтөрүн оболу президент Дональд Трамп адаттагыдай эле "Твиттер" баракчасы аркылуу 10-майда жарыялады.

Кийин ошол эле күнү Индиана штаттында эл менен жолугушуп жатып Трамп үч америкалыктын Түндүк Кореянын барымтасынан бошотулушун чоң жетишкендик катары мүнөздөп, буларга токтолду:

-12-июнда Сингапурда Ким Чен Ын менен кездешип, дүйнө үчүн тынчтыкка жана коопсуздукка жетишүүнү көздөйбүз. Өткөн түнү силер муну көрдүңөр. Ким Чен Ын мындай аракети менен өз өлкөсүнө жакшы иш кылды. Барымтадагылар урмат менен бошотулду. Биз бул үчүн эч нерсе төлөгөн жокпуз. Биз эми сүйлөшүү столуна олтурабыз. Дүйнө, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Жапония, Кытай үчүн мыкты макулдашуу түзүүгө умтулабыз.

АКШнын корей улутундагы үч жараны Түндүк Кореянын камагынан мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Пхеньяндагы экинчи сапарынын убагында бошотулду.

Президент Дональд Трамп Түндүк Корея камактан бошоткон үч америкалыкты аэропорттон тосуп алган учур. 10-май, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп Түндүк Корея камактан бошоткон үч америкалыкты аэропорттон тосуп алган учур. 10-май, 2018-жыл.

Помпео алдыдагы саммитти даярдоо максатында Түндүк Кореяга акыркы жыйырма күн ичинде эки жолу барып, Ким Чен Ын менен көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келди.

АКШ алдыдагы саммитин эң башкы жыйынтыгы – Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул текшерүү аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт.

Ал эми Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү билдиришкендей, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эгер АКШ Корей согушунун (1950-53-жылы болгон) расмий аякташы үчүн милдеттенме алып, Түндүк Кореяга кол салбоого убада берсе өзөктүк куралдан баш тартууга даяр экенин айткан.

Буга чейин эки Кореянын лидерлери 27-апрелдеги саммитте Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну, Корей согушун расмий бүтүрүп, туруктуу тынчтык келишимин түзүш үчүн быйыл АКШ жана Кытай менен иштешүүнү макулдашканын жарыялашкан.

Эми Кытай, Жапония жана Түштүк Корея АКШ - Түндүк Корея саммитинин күнү жана жери такталышын кубатташты:

- Кытай АКШ менен Түндүк Корея лидерлеринин жолугушуусун даярдоодогу жакшы жылышты кубаттайт. Биз жолугушуунун оң жыйынтыктарын чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу, анын саясий маселелерин чечүү жолундагы, аймакта узак мөөнөттүү тынчтык жана тартипти ишке ашыруудагы маанилүү кадам, - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Генг Шуанг Бээжинден 11-майда.

Пхеньянга таасири бар деп эсептелген Кытайга апта башында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү да экинчи жолу келип, президент Си Цзиьпин менен жолугуп кеткен.

Ким Чен Ын жана Си Цзиньпин Далянь шаарында жолуккан учур. 8-май, 2018-жыл.
Ким Чен Ын жана Си Цзиньпин Далянь шаарында жолуккан учур. 8-май, 2018-жыл.

АКШнын бийлик өкүлдөрү мурдараак Түндүк Кореянын лидери былтыркы утур-утур ракеталык сыноолордон кийин кепке келип, эми өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине, ага “болушунча кысым жасалганына” байланыштырышкан.

Бирок өткөн аптада Пхеньян мындай көз карашка нааразы болуп, АКШга “атайлап чагым жасабаш” керек экенин, анын сүйлөшүүгө даярдыгын алсыздык катары чечмелебеши зарыл экенин эскерткен.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизген. Ал санкциялардын баары азыр да күчүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG