Кыргызстанда саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө багытында иштеген кызматкерлердин айлыгы эң төмөн. Улуттук статистика комитетинин Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлообаева "Азаттыкка" билдиргендей, алардын орточо маянасы 9 867 сомго барабар. Билим берүү тармагында иштегендердики 10 802 сом.
Бул 2018-жылдын январь-март айларына карата чыгарылган статистика. Мындай көрсөткүч "республикалык деңгээлден аз айлык" деп аталат.
Маянасы жогору деп эсептелгендер банктарда, насыя берүү жана камсыздандыруу компанияларында иштешет. Алардын орточо айлыгы 33 033 сом. Андан кийин маалымат жана байланыш тармагы турат. Ал жакта орточо маяна 29 600 сомго барабар.
Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар Улуттук статистика комитетине айлык тууралуу отчет бербейт.
Аталган мекеме быйыл январь-март айларына карата Кыргызстандагы орточо айлыктын өлчөмүн 15120 сом деп эсептеген.
Эмгек акынын 2017-жылдагы көрсөткүчү боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 157 мамлекеттин ичинен 122-орунду ээлейт. Европанын статистикалык бөлүмү, Эл аралык эмгек уюму жана Экономикалык кызматташтык жана улуттук статистиканы өнүктүрүү уюму чыгарган эсепте Кыргызстандагы орточо маяна 220 долларга барабар экени көрсөтүлгөн. (SE)
Гүлнара Жайлообаеванын "Азаттыкка" курган маегин бул жерден угуңуз: