Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

"Улуттук энерго холдингге" Азамат Абдыкадыров жетекчи болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун чечими менен "Улуттук энерго холдинг" ишканасына Азамат Абдыкадыров төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, Азамат Абдыкадыров бул кызматка дайындалганга чейин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунда бөлүм башчы кызматын аркалаган.

"Улуттук энерго холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 10-апрелде Бишкек Жылуулук электр борборуна байланышкан чуудан улам кызматтан алынган.

УКМК Калиевди 18-апрелде ЖЭБди модернизациялоо долбоорунда кетирилген кемчиликтер боюнча козголгон кылмыш ишинин (Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси) алкагында шектүү катары кармаган.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, тергөөнү УКМК жүргүзгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG