Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Түндүк Кипрде кыргызстандык жигит бычак жеп ооруканага түштү


Түндүк Кипр. Гирне шаары.
Түндүк Кипр. Гирне шаары.

Гирне шаарындагы "Доктор Акчичек" ооруканасынын дарыгери Өзжан Хүдаверди "Азатыкка" билдиргендей, 27 жаштагы кыргызстандык жигит 24-майда бычак жеген, эки буту сынган абалда ооруканага түшкөн. Анын денесине 7-8 жолу бычак сайылганы айтылды. Учурда абалы оор, комада жатат.

Окуя 24-майда Түндүк Кипрдин Гирне шаарында болгон. Тез жардам бөлүмүнө алгач жергиликтүүлөрдөн телефон аркылуу кыргызстандык жаран "көп кабаттуу үйдөн кулады" деген кабар келген. Дарыгерлер барып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Гирне шаарынын полиция кызматы иликтөө иштерин баштаганы кабарланды.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Түндүк Кипрде бир жарым миңден ашуун кыргызстандык жаран жашап-иштейт. Негизинен алар тейлөө кызматтарында, казино-ресторандарда иштеп келет. (ElB)

XS
SM
MD
LG