Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:43

Мекендешибиз Кыялбек Дыйканов "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына Түндүк Кипр мамлекетинин ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу блог жазды.

Түндүк Кипр туризм тармагы менен атагы чыгып, казынаны ушуну менен толтурган өлкө. Саясий жактан Түркияга көз каранды болгону менен, кадимкидей эле өзүнүн бардык мамлекеттик, мисалы президент, өкмөт, сот системасы сыяктуу структуралары бар. Эл аралык деңгээлде гректер менен чырлуу аймак болсо да, убакыт өткөн сайын алга карай гана өнүгүп келе жатат. Мына ушул Түндүк Кипрди сегиз жыл байырладым (2006-2014). Башкача айтканда алгачкы максаттарым ушул жерден орундалды. Иштедик, окудук, тажрыйба алдык, үйлөндүк, бала-чакалуу болдук, кыскасы болгон мүмкүнчүлүктү колдонууга аракет кылдык.

Аралга барганда эле жалгыз тоолору Беш пармак (бизче айтканда Беш бармак) кулакка жагымдуу угулуп, мекенди сагынганда бир тиктеп алаар элек. Кипрде жашап жүргөн жылдары улуттук кийим, музыкалык аспап, желек сыяктуу баалуулуктарыбызды дайыма таштабай алып жүрдүк.

Жергиликтүү калк (кипрлик түрктөр) анчейин эмгекчил же аракетчил келишпейт, анткени аларда баары жетиштүү. А бизде баары жетиштүү болбосо да жалкоолугубуз күчтүү. Эмгекчил болууга эмне жетсин?

Түркиядан келген түрктөр, пакистандыктар (жарандык алгандар) мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышпайт. Күнүнө сегиз саат иштөө деген түшүнүк аз кездешет. 12-20 саатка чейин эмгектенип, өздөрү үчүн эч нерсе аяшпайт. Ар бир жумушчунун камсыздандыруусу бар. Мисалы кымбат баалуу унаа, кийим-кече, тамак-аш, эс алууларды өздөрүнөн аяшпайт. Бизде да сегиз саат деген түшүнүктү жоюп, көп иштеп, көп киреше тапса болот. Ошондо биз деле өзүбүз үчүн көбүрөөк кам көрсөк керек.

Керексиз, ашыкча чыгымга барышпайт. Мисалы, конокко барсаң чай, кофе же муздак суусундук жана токоч же торт сыяктуу таттуу менен деле узатып койушат. Буга эч ким капа болбойт. Тойлор деле суусундук жана жеңил тамактар менен коштолот. Биз деле ашыкча чыгымдан айрылгыбыз келгени менен, каада-салт же уят дегенибиз чоң чыгымга жол ачып келет.

Бир же эки балалуу болууну туура көрүшөт. Анан да эки жаш жаңы баш кошкондон кийин жок дегенде эки жыл балалуу болбой туралы дешет, бул өздөрүнө кам көрүү максаты болсо керек. Бул жагы бир аз биздин менталитетке туура келбейт го. Ошентсе да маалымат үчүн айта кетели.

Баланы тарбиялоодо сапаттуу бала бакча, мыкты мектеп тандоого ашыгышат. Ошого жараша көп иштеп, арбын акча табууну ойлошот.

Мамлекет да жарандарды көңүл тышында калтырбайт. Мисалы, үйлөнгөндө, балалуу болгондо берилүүчү чоң суммадагы жөлөк пулдар бар. 10-15 жылдык арзан насыялар (унаа, там алганга) каралган. Өздөрүнүн жарандарын бардык шарттарда биринчи орунга койгон, мекенчил жана стратегиялуу мамлекет. Кыргызстанда ушул нерсе жетишпейт. Сунуш болгону менен бул нерсеге жетүү утопиядай сезилет. “Мамлекет ар бир жаранга кам көрүшү керек” деген түшүнүк Кыргызстанга тиешелүү эместей.

Түндүк Кипр.
Түндүк Кипр.

Негизгиси 24 саат тынч, коопсуз, кайда барсаң камералар орнотулган, көчөдө таяк кармаган патрулдар жок, эч ким эч кимге жаман көз менен карабаган, полиси бир жолу токтотуп, каяктан келдиң деп сурабаган өлкө. Бул туризмдин таасири болсо керек. Биздин ИИМ да ушундай реформа жүргүзүүсү зарыл. Көчө камераларын айылдарга чейин орнотуу, паракордукка, зомбулукка каршы күрөш ушул органдын иши эмеспи.

Жоктон бар кылышат, тарыхый, маданий жана жаратылыштын кооз жерлерин туристтерге ыңгайлуу кылып, эң жогорку деңгээлде колдонушат. Ишкерлерди колдоо максаттары бийик. Мисалы, Кипрге турист тарткан ар бир ишканага турист башына жыл аягында мамлекет пайыздык төлөм берет. Бул “тешфик” деп аталган система, туризм ишкерлерине болгон колдоо же шыктандыруу катары кабыл алынат. Жараткан ыраа көргөн ар бир кооз жайды, ата-бабалары мурас кылып кеткен ар бир тарыхый жерди учурдун талабына жараша колдонуп, өлкөнүн экономика жана башка тармагына пайда гана алып келүүнү көздөшөт. Кыргызстанда, тескерисинче, барды жок кылабыз. Туризм өлкөсүбүз дегенибиз менен, шарт жетишсиз, камкордук аз.

Айта берсе суктандырган көп эле жактары бар, бирок кандай болгон күндө да Ала-Тоо койнундагы Кыргыз жерибизге жетпейт го...

Кыялбек Дыйканов

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG