Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Орусия Сирияда төрт аскери мерт болгонун ырастады


Сириядагы орус жоокерлери.
Сириядагы орус жоокерлери.

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы чабуулда төрт орус аскери мерт болгонун тастыктады. Министрликтин 27-майдагы билдирүүсүндө "бир катар мобилдик террордук топтор Сириянын өкмөттүк артиллериясына түндө чабуул койгону" айтылат.

Орусиялык эки аскердик кеңешчи окуя болгон жерде жан берген. Жаракат алган дагы беш адам орусиялык аскердик ооруканага жеткирилип, кийинчерээк алардын экөө каза тапкан. Коргоо министрлиги куралдуу кагылышууда 43 согушкер тындым кылынганын кошумчалады.

Орус бийлигинин бул расмий маалыматында окуя кайсы күнү болгону так белгиленген эмес. Бирок баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы орус аскерлеринин өлүмү 23-майда Дейр-эз-Зордо болгон чабуулга байланышы болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө. Уюм ал окуяда 9 орус аскери жана 26 сириялык жоокер набыт болгонун белгилеп жатат.

"Франс-пресс" агенттиги Сирияда каза тапкан орус аскерлеринин жалпы саны 90дон ашканын кабарлады.

Орусиянын Сириядагы операциялары 2015-жылдын 30-сентябрында башталган. Кремль Сирия президенти Башар Асаддын армиясын колдоп, расмий Дамаскка өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топко жана башка экстремисттик уюмдарга каршы күрөштө жардам берип жатканын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG