Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:28

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен Эсеп палатасы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн курулган ипподромго сарпталган каражаттын чоо-жайын текшерип жатат.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, баштапкы тыянакка ылайык, Ысык-Көлдүн Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту кыштагында ат майдандын курулушунда "Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө" жана "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзам ченемдери бузулган:

- Жыйынтыгында, курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго көбөйүп кеткен. Курулуш иштеринин көлөмүн 10 миллион сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан факты да аныкталды. Ошол эле мезгилде 144 миллион сом кайда коротулганы тууралуу документтер жок болуп чыкты.

Сулаймановдун айтымында, Республикалык сертификаттоо борборунун Сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык, 31 миллион 398 миң сомго төшөлгөн асфальт талапка жооп бербейт. Мындан тышкары, 8 миллион 244 миң сомго жасалган темир ферма долбоорго ылайык салынган эмес, курулуш эрежелери бузулган. Кырсыктарды жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен өткөрүлчү 9 миллион 737 миң сомдун сарпталышында да мыйзам бузуу аныкталган. Текшерүү иштери уланууда.

Курулуш иштерин СМУ-3 ишканасы жүргүзгөнү кабарланган.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы өткөн. Ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков демөөрчүлөр 2 миллион доллардай жардам кылганын айткан.

2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында курулуш иштерин жасаган "Темир канат" ишканасына байланыштуу да кылмыш ичи козголуп, сот болгон.

Ал эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл сентябрда өтөт. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG