Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:20

Польша АКШга өз аймагына танк дивизиясын жайгаштырууну сунуш кылды


Америкалык "Абрамс" танкы машыгуу учурунда.

Польшанын Коргоо министрлиги Кошмо Штаттарга өлкөнүн аймагына узак мөөнөткө танк дивизиясын жайгаштырууну сунуш кылды. Америкалык базаны түзүүгө Варшава эки миллиард доллардай каражат бөлүүгө даяр экенин да билдирген. Бул тууралуу документтер Польшанын маалымат каражаттарына жарыяланды.

Польшанын аскердик мекемеси документтердин аныктыгын ырастады. Документте "сунуштун башкы максаты – Европага коркунуч тийгизип жаткан Орусиянын күчөгөн жана кооптуу позициясын ооздуктап туруу" экендиги белгиленген.

Варшава аскердик базаны Польшанын Балтика өлкөлөрү менен чек арасына жайгаштырууга ниеттенүүдө. Азырынча бул боюнча Вашингтон өз пикирин билдире элек.

XS
SM
MD
LG