Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КГУСТА) окутуучусу миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, дипломдук ишин даярдоо жана аны ийгиликтүү жактоо үчүн 1,5 миң доллар пара талап кылган К.А. аттуу кафедра башчысына карата чара көрүүнү суранып окуу жайынын студенти кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окутуучу студенттен миң доллар пара алып жаткан жеринен 21-майда кармалган.
Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесине (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”) жана 225-беренесине (“Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу”) байланыштуу кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда. (КЕ)