Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:16

Бөкөнбай Казаков башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулду


Бөкөнбай Казаков.

Бөкөнбай Казаков башкы прокурордун биринчи орун басарынын кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду.

Жарлыкта Казаков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы айтылат.

46 жаштагы Казаков 2014-2016-жылдары УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматын жетектеген. Ал жерден Медакадемиянын аппарат башчысынын өлүмүнө байланыштуу окуядан кийин өз ыктыяры менен кеткени кабарланган.

Башкы прокуратурадагы кызматка 2017-жылы март айында дайындалган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG