Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:28

Инспекторду сүздүрүп кете жаздаган айдоочуга иш козголду


Видеодон алынган кадр.

Бишкекте жол коопсуздугун тескеген кызматкерди тебелетип кете жаздаган айдоочуга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" баш калаанын ички иштер башкармалыгынын басмы сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Оморовдун айтымында, иш Кылмыш-жаза кодексинин "Бийлик адамына зомбулук көрсөтүү" беренесинин негизинде козголду.

Кечээ “Lexus 570” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кармалганы, ал Ленин райондук милициясына жеткирилгени кабарланган.

Мекеменин маалыматына караганда, жол кайгуул кызматкери жабыр тарткан эмес.

Ал жолтандабастын алдын тосууга аракет кылганы, автоунаа аны бир нече метрге чейин жөөлөп баратканы тартылган видео Интернетте кечээ тараган. Окуя Бөкөнбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде болгону кабарланган. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG