Бүгүн Орусияда абакта жаткан украиналык режиссер Олег Сенцовду бошотууга үндөгөн дүйнөлүк акция башталды.
Эки күнгө улана турган акция #SaveOlegSentsov деген аталыш менен Батыш Европада, Украинада, Израилде, АКШда, Канадада, Австралияда жана Орусиянын өзүндө да өтөрү боолгонууда.
2015-жылы Орусияда террорчулук боюнча айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылган украиналык режиссер Олег Сенцовдун мөөнөтсүз ачкачылык кармап жатканына 19 күн болду. Ал Орусияда саясий мүдөө менен камалган бардык украиналык жарандарды бошотууну талап кылып жатат.
Тележурналист Ксения Собчак бейшембиде Сенцов менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, аны ачкачылыкты токтотууга чакырганын билдирди. Сенцов ага тиши түшүп жатканын, ага карабай ачкачылыкты токтотпостугун айткан.
29-майда Сенцовдун адвокаты Дмитрий Динзе анын абалы туруктуу экенин билдирди.
Кечээ Сенцовдун иши боюнча соттолгон дагы бир украиналык активист Александр Кольченко да ачкачылык кармаганын жарыялады. Ал Сенцовду бошотууну талап кылып жатат.
Режиссер өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. "Мемориал" укук коргоо уюму режиссерду саясий негизде куугунтукталгандардын тизмесине киргизген.