Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду


Маркум Сания Шакирова.
Маркум Сания Шакирова.

Ысык-Көлдө 2-июнда болгон жол кырсыгы боюнча "Жол коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузуу" беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Кырсыкта бир киши - "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова каза таап, айдоочуну кошкондо эки адам жараат алган.

Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында болгон. Сания Шакирова жана анын болочок жолдошу түшкөн таксинин айдоочусу автоунааны башкара албай калып, жолдун четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн.

30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн "Miss Universe Beauty-2018" сынагына катышып, "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Ал эми "Дүйнөнүн эң сулуу айымы" титулун орусиялык катышуучу алган. Маркумдун артында үч баласы калды.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери жол кырсыктары 183 адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG