Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын башчылары жолугушат


Кулунду айылы. 5-июнда жергиликтүү тургундар кыргыз-тажик чек арачыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын күтүп жаткан учуру.
Кулунду айылы. 5-июнда жергиликтүү тургундар кыргыз-тажик чек арачыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын күтүп жаткан учуру.

Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын башчылары жолугушуп, Баткендеги чатакты талкуулашат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады, бирок жолугушуу кайсы жерде өтөрүн тактаган жок.

4-июнда кечке жуук Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыккан.

Окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтары эки ача билдирүү таратышты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалга тажик чек арачыларынын агрессивдүү кадамы түрткү болгонун, алар макулдашыла элек линиядан өтүп кеткенин билдирген. Тажикстандын Чек ара кызматы болсо Кыргызстан жарыялаган версияларды четке кагып, "чатакты кыргыз тарап алдын-ала даярдаган" деп кабарлады.

Учурда Кыргызстандын чек арачылары жергиликтүү органдардын кызматкерлери менен кошо чектеш аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG