Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Кыргыз жана тажик чек арачылары жаңжалдашты (видео)


Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы чатак чыккан тилкеде абал туруктуу экенин билдирди.

Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү тараткан билдирүүдө айтылгандай, чырдан кийин дароо эле Кыргызстандын Лейлек районундагы жана Тажикстандын Жаббар-Расулов аймагында эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин чатак учурунда кармалган тажик чек арачылары коңшу тарапка өткөрүлүп берилди. Чек ара өкүлдөрү ошондой эле окуя боюнча ар кимиси өз алдынча прокуратуранын катышуусу менен бир тараптуу иликтөө жүргүзүүнү макулдашты.

Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 6-июнда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчыларынын жолугушуусу күтүлүп жатат. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жана мындай чатактардын кайталануусун алдын алган чараларды талкуулашат.

Баткен: чек арадагы жаңжал
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00
Түз линк

Учурда Кыргызстандын чек арачылары жергиликтүү органдын кызматкерлери менен чогуу чек аралаш аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 4-июнда кечке жуук Баткендин Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыккан. Кийин Кыргызстандын Чек ара кызматы чатак чыкканын ырастап, билдирүү тараткан.

Анда тажик чек арачылары биринчи болуп эскертүү иретинде асманга ок атканы, тажикстандык аскерлер макулдашыла элек линиядан өтүп келгени айтылган. Коңшу өлкөнүн чек арачылары “Футбол талаасы” участкасында соода кылган кыргыз жарандарын кубалаганы, бул аракет мыйзамсыз болгону, алар кыргыз тараптын "маселени мындай жол менен чечүүгө болбойт" деген эскертүүсүнө жана макулдашылбаган участоктон чыгып кетүү тууралуу талабына баш ийбей, кайра өздөрүн агрессивдүү алып жүрүп, мушташка себепкер болгону, андан кийин асманга ок атышканы жазылган. Мындан кийин бир нече тажик аскерлери Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалган.

Тажикстандын версиясы

Ал арада Тажикстандын Чек ара кызматы да билдирүү таратып, Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматын окуяга “эрте баа берди” деп сынга алды. Алар ошондой эле Кыргызстан жарыялаган версиялар чындыкка төп келбей турганын билдирди. Тажик чек арачылары ошондой эле чатакты кыргыз тарап алдын ала даярдаган деп кабарлап, кыргыз чек арачылары асманга биринчи ок чыгарганын айтууда.

Тажикстандын Чек ара кызматы ошондой эле алардын колго түшкөн чек арачыларын кыргыз тарап катуу сабаганын, бул мурда жетишилген макулдашууларга каршы келерин белгилейт. Коңшу тарап бул фактты бирге иликтөөдөн кыргыз тарап баш тартканын, натыйжада алар өз алдынча кызматтык иликтөө баштаганын билдирген.

Ушул окуяда тартылган деген видео интернеттеги социалдык тармактарга да тарады. Анда кыргызча сүйлөгөн аскер кийимчен, колуна курал-жарак кармаган жоокерлер башка аскер адамдары менен жаңжалдашып жатканын көрүүгө болот. "Азаттыкка" жергиликтүү тургундар жиберген сүрөттөрдө кармалган тажикстандык чек арачыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG