Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Коррупциялык иштер боюнча өндүрүлгөн каражаттар түшчү эсеп ачыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Финансы министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаева кабарлады.

Коррупциялык кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана соттун чечими менен өндүрүлгөн каражаттар атайын эсепке топтолмок. Мындай эсепти ачууну президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү органдарга 16-майда тапшырган.

Гүлмира Түгөлбаеванын айтымында, Финансы министрлиги атайын эсепти ачуу боюнча токтомду даярдап, өкмөткө жөнөткөн жана азыр өкмөт бул тууралуу чечим кабыл ала элек.

Президенттин тапшырмасын аткарыш үчүн Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жана Улуттук банктын жетекчилери чогулуп, кеңешме өткөргөн. (KR)

XS
SM
MD
LG