Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

"Ата Мекен": Белизден келген жоопту Башкы прокуратура "жок" деп жатат


"Белизден алынды" деген документтер 2016-жылы president.kg сайтына жарыяланган.
"Белизден алынды" деген документтер 2016-жылы president.kg сайтына жарыяланган.

Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн “Белизгейт” жаңжалы боюнча Кыргызстандын суроосуна жооп 2017-жылдын 23-октябрында эле келген. Бул тууралуу парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, фракция Белизге жиберилген өтүнүчкө жооп алуу боюнча Башкы прокуратура менен Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

ТИМ буга расмий түрдө жооп кайтарып, Белизден жооп былтыр күздө эле келгенин, аны мекеме Башкы прокуратурага бергенин маалымдаган.

- Тышкы иштер министрлиги Белизден келген расмий жоопту ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага кол койдуруп бергенин билдирди. Башкы прокуратура болсо бир жылдан бери "ал кат катчылыкта жок" деп атат. Демек, Индира Жолдубаева ал документти жокко чыгарган же кириштеген эмес. ТИМ бизге экинчи кат да жиберди. Анда жакында эле АКШдагы элчи Токтогулов (Ред:Кадыр Токтогулов) аркылуу былтыркы каттын көчүрмөсү алынып, быйыл 25-майда Башкы прокуратурага расмий тапшырылганы айтылат. Демек, бүгүнкү күндө Башкы прокуратурада Белизден келген документтер бар. Ошонун негизинде эми алар бул маселеге чекит коюш керек.

Шыкмаматов "Азаттыкка" көрсөткөн ТИМдин №026/ 512 номурлуу катында "Ата Мекен" фракциясынын катына аталган мекеме 5-июнда жооп кайтарганы жазылган.

Тышкы иштер министрлиги менен Башкы прокуратурадан бул тууралуу комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

29-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Белизден жооп келе элек экенин билдирген болчу.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

​"Ата Мекен" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип жүрөт.

Башкы прокуратура жана УКМК былтыр "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы ушул кезге дейре жарыялана элек. (NT)

XS
SM
MD
LG