Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Өкмөткө караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш жыйынга чогулат


Бишкектеги кыз ала качууга каршы уюштурулган акция. 6-июнь, 2018-жыл.
Бишкектеги кыз ала качууга каршы уюштурулган акция. 6-июнь, 2018-жыл.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн саат 14.00дө Бишкекте боло турган жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев төрагалык кылат.

Анда Кыргызстандагы аялдар менен балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жолдору талкууланат.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келин, аялдардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду.

XS
SM
MD
LG