Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Жээнбеков кытайлык артисттерди Кыргызстанга чакырды


"Манас" операсы. Бээжин. 7-июнь, 2018-жыл.
"Манас" операсы. Бээжин. 7-июнь, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө 7-июнда Бээжинде "Манас" эпосу боюнча кытайлык артисттер койгон операны көрдү.

Операдан кийин президент кытайлык артисттер тобун Кыргызстанга чакырды.

Опера манасчы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде коюлган. Анын сценарийин Кытайдагы белгилүү сценарист Ван Сяолин даярдаган. Опера буга чейин Кытайда тогуз жолу коюлуп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.

Кытай төрагасы Си Цзинпин да "Манас" дүйнөдөгү эң чоң эпостордун катарында экенин белгилеген.

“Манас” операсынын бет ачары 2017-жылдын 30-сентябрында Бээжин шаарында болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, операны коюуга Кытайдын мамлекеттик театрларынын 100дөн ашык артисттери катышкан. Ал эми даярдоо иштерине эки жыл убакыт кеткен. (KE)

XS
SM
MD
LG