Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Волгоградда кеме кырсыктап, он кишинин өмүрү кыйылды


Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат. 12-июнь, 2018-жыл.
Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат. 12-июнь, 2018-жыл.

Волга дарыясында жүк ташыган жана сейил кемелери кагыша кетип, он адам өлдү. Үч эркек, алты аялдын сөөгү табылды. Кийинчерээк куткаруучулар дагы бир кишинин сөөгүн алып чыгышты. Кырсык шейшембиге оогон түнү, Волгаград шаарына жакын жээктен бир чакырым ыраакта болгон. Сейил кемесинде 16 адам бар болчу. Алардын бешөө куткарылган.

Кырсык Дүйнөлүк футбол чемпионатынын башталышына эки күн калганда болду. Оюн өтчү стадиондордун бири дал Волгоград шаарында жайгашкан. Бул жерде Англиянын, Тунистин, Нигериянын, Исландиянын, Сауд Арабиянын, Египеттин, Жапониянын жана Польшанын курамала командаларынын беттештери өтөт.

XS
SM
MD
LG