Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

"Норманд төрттүгү" Украинага миссия жайгаштырууну чече алган жок


Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин, Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан, Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Берлиндеги жыйында. 11-июнь, 2018-жыл.
Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин, Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан, Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Берлиндеги жыйында. 11-июнь, 2018-жыл.

"Норманд төрттүгүнө" кирген Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери Берлинде жолугуп, Украинанын чыгышына тынчтык сактоочу күчтөрдү жайгаштыруу боюнча бир пикирге келе алышкан жок.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас БУУнун күчтөрүн жайгаштыруу идеясын Киев, Москва дагы колдорун билдирип, бирок миссиянын мандаты жана жайгаша турган аймагы тууралуу көз караштар “кескин айырмаланарын” белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров АКШ менен Украинанын Донбасста БУУнун тынчтыкты сактоочу миссиясын жайгаштыруу планы "Минск келишимин бузат” деп айтты. Ошондой эле Лавров министрлердин жолугушуусу “пайдалуу” болгонун белгиледи.

Жолугушууда Донбасстагы гуманитардык маселе да талкууланып, туткундарды бошотуу боюнча “жол картасын” түзүү макулдашылды. Берлиндин расмий өкүлү чырдуу аймактарды минадан тазалоо тууралуу макулдашууга жетишилгенин кошумчалады.

Германия менен Франция Москва колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын баарына, анын ичинде украин-орус чек арасына да Улуттар Уюмунун миссиясын жайгаштырууну туура көрөт. Орусия болсо мындай сунушка каршы.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинен бери 10 миң 300дөн ашуун киши жарыкчылык менен кош айтышты. Жаңжал жүрүп жаткан жерде ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуу сакталган жок. 6-июнда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Украинадагы бардык тараптарды 2015-жылы түзүлгөн тынчтык келишимин кайра калыбына келтирүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG