Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:08

Иранда үч полициячыны өлтүргөн киши өлүм жазасына тартылды


Мохаммад Салас Тегерандагы сотто. 11-март, 2018-жыл.

Ирандын соту коопсуздук күчтөрү менен суфилердин кагылышуусунда "үч полиция кызматкерин өлтүргөн" деп айыпталган кишини өлүм жазасына тартканын "Эл аралык мунапыс" уюму билдирди.

“Мохаммад [Реза] Саластын бүгүн эртең менен жазага тартылганы бизди нес кылып, көңүлүбүз чөгүп турат” деп айтылат Британияда жайгашкан укук коргоочу уюмдун "Твиттер" баракчасына чыккан билдирүүдө.

Февралда Тегеранда коопсуздук күчтөрү менен суфилердин кагылышуусунда Салас полиция кызматкерлеринин тобун автобус менен барып сүзгөн. Суфилер алардын жамаатынын мүчөлөрүнүн камакка алынып, 90 жаштагы көсөмүн "жакында полиция кармайт" деген кабар тарагандан кийин нааразылыкка чыгышкан.

Марттагы сот процессинде Салас полиция кызматкерлерин өлтүрүүгө ниеттенбегенин бир нече жолу кайталаганын жергиликтүү медиа кабарлаган.

Тегеран парламентте өкүлчүлүгү бар "Басиж" күчтөрүнүн эки мүчөсү өлгөнүн билдирген. 300дөй суфи кармалган.

Исламдын агымы болгон суфизмге Иранда тыюу салынбаганы менен укук коргоочу топтор алардын өкүлдөрү бийликтин куугунтугуна кабылып келатканын билдирип жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG