Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Түркия: абакта отурган президенттикке талапкер элге кайрылды


Түркиядагы күртчүл Элдик демократиялык партиянын тең төрагасы Селахаттин Демирташ. 30-июль, 2015-жыл.
Түркиядагы күртчүл Элдик демократиялык партиянын тең төрагасы Селахаттин Демирташ. 30-июль, 2015-жыл.

Түркияда камактагы күрд саясатчысы абактан жаткан жеринен шайлоочуларга кайрылды. Жекшембиде Түркиянын TRT каналы көрсөткөн 10 мүнөттүк сөзүндө Селахаттин Демирташ бийликтин “репрессивдик режимин” сындады.

Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерге коомдук телеканалдан 20 мүнөт убакыт бекер берилет. "Элдик демократиялык" партиянын мурдагы тең төрагаларынын бири Демирташ 2016-жылдын ноябрынан бери абакта отурат. Ага “күрд согушкерлери менен байланышта” деген айып тагылган.

Партия болсо лидери эч кандай мыйзамга туура келбеген иш жүргүзбөгөнүн билдирип, Демирташтын камалышын “оппозицияга кысым көрсөтүү” аракети катары баалаган.

Демирташ 24-июнда өтчү шайлоодо элди “бир кишинин бийлигин токтотууга” үндөп, Түркиядагы азыркы кырдаалды “кинонун башталышы” деп атап, “тасманын коркунучтуу бөлүгү алдыда” деп эскертет.

Түркиянын күртчүл Элдик-демократиялык партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 10% чектен өтүп, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу парламентке келген.

XS
SM
MD
LG