Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:45

АКШ Орусияны ондогон саясий туткундарды бошотууга үндөдү


АКШнын Мамлекеттик департаменти. 15-декабрь, 2014-жыл.

Кошмо Штаттар орус бийлигин укук коргоочу уюмдар “саясий туткундар” деп тааныган ондогон адамды абактан бошотууга үндөдү. Мамлекеттик департаменттин 18-июнда жарыяланган билдирүүсүндө 150дөн ашуун кишинин, анын ичинде украин режиссеру Олег Сенцов менен укук коргоочу Оюб Титиевдин аты аталат.

Сенцов Орусия Крымды каратып алгандан кийин аннексияланган аймакта 2014-жылы кармалган. Орус соту бир жылдан кийин аны “террордук чабуул коюуну пландаган” деген айып менен 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат.

“Мемориал уюмунун” Грозныйдагы кеңсесинин башчысы Титиев “баңгизат ташыган” деген кине менен январдан бери Чеченстанда камакта. Анын тарапкерлери ишти “жасалма” деп эсептешет.

“Биз Орусияны саясий же диний туткундар катары таанылган адамдарды тез арада эркиндикке чыгарууга жана укук коргоо системасын башка көз караштагыларды кысымга алууга жана дин тутуу эркиндигин басмырлоого каршы колдонбоого үндөйбүз”, – деп айтылат билдирүүдө.

Вашингтондун мындай билдирүүсүнө Москва дароо жооп берген жок. Буга чейин Орусиянын тышкы иштер мекемеси билдирүүнү кескин cындап, Вашингтонду "башка өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат” деп айыптаган.

Мамлекеттик департамент Орусияда бир жылдан бери тергөө абагында жаткан “Жахабанын күбөлөрүнүн” ишин белгилеген. Ошондой эле Саентологдордун чиркөөсү жана мусулман түрк динаятчынын жолун жолдогондор кысымга кабылып жатканы айтылган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG