Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

АКШда космостогу коопсуздукка жооптуу күч түзүлөт


Президент Трамп "Космосту башкаруу саясаты" деген документке кол койгондон кийин. 18-июнь, 2018-жыл.
Президент Трамп "Космосту башкаруу саясаты" деген документке кол койгондон кийин. 18-июнь, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп куралдуу күчтөрдүн жаңы канатын – Космостук башкармалык түзүүгө дүйшөмбүдө буйрук берди. Анын максаты ачык космосто Кошмо Штаттардын кызыкчылыгын коргоо болот.

АКШнын лидери мындай ниетин быйыл мартта билдирген. Анткен менен анын жаңы башкармалык түзүү жөнүндө буйругу күтүүсүздөн жарыяланды.

Америкада космостогу коопсуздукту камсыздоого жоопкерчилик алган өзүнчө башкармалык түзүү тууралуу талкуулар 1990-жылдары Билл Клинтондун администрациясынын маалында башталган.

Мындан бир нече ай мурун АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис мындай идеяга каршы экенин билдирип, Конгресске кат жазган. Министр жаңы түзүм "жалпы эле куралдуу күчтөрдү башкарууну татаалдаштырат" деген жүйө келтирген.

Ушу тапта АКШда куралдуу күчтөрдүн беш түрү: кургактагы, аскер-деңиз, аскер-аба күчтөрү, деңиз аскерлери жана жээкти коргоо түзүмдөрү бар.

Бир катар америкалык комментаторлор жаңы аскер күчтөрүн түзүш үчүн президенттин буйругу жетиштүү экенин белгилешет. Мыйзам боюнча бул иш Конгресстин милдетине кирет. Ал эми америкалык мыйзам чыгаруучулардын канчасы президенттин демилгесин колдоору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG