Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Киевде демонстранттар менен полиция кагылышты


Киевдеги парламент имаратынын алдына келишкен демонстранттар, 19-июнь, 2018-жыл.
Киевдеги парламент имаратынын алдына келишкен демонстранттар, 19-июнь, 2018-жыл.

Украин бийлигинин социалдык программаларды токтотконуна каршы чыккан жүздөгөн демонстранттар Жогорку Раданын жанындагы курчоону бузуп, парламент имаратына кирүүгө аракеттеништи.

"Азаттыктын” украин кызматынын кабарчысы активисттер менен тартип коргоочулар кагылышканын маалымдады. Тополоңдо коопсуздук күчтөрү гана эмес демонстранттар дагы көздөн жаш агызуучу газды колдонгону белгилүү болду. Андан кийин кошумча тартылган полиция менен армиянын аскерлери митингчилерди парламент имаратынан сүрүп чыгышты. Бир полиция кызматкери жабыркаганы айтылды. Активисттердин бирөө кармалды, канчасы жабыр тартканы белгисиз

Жогорку Раданын алдындагы Конституция аянтында миңдей шахтер, чернобылчылар жана ооган согушунун ардагерлери катышкан митинг уланды. Алар өздөрүнө берилген жеңилдиктерди толугу менен калыбына келтирүүнү талып кылышкан. Шахтерлор болсо өкмөттү маянаны толук төлөп берүүгө жана көмүр өңдүрүшүнө алты миллиард гривен (230 миллион доллар) бөлүүгө үндөштү.

XS
SM
MD
LG