Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Украина-Орусия: жол картадагы ажырым


"Норманд форматындагы" Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлеринин жолугушуусу. Берлин, 19-октябрь, 2016-жыл
"Норманд форматындагы" Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлеринин жолугушуусу. Берлин, 19-октябрь, 2016-жыл

19-октябрдын кечинде Германияда украин кризиси боюнча сүйлөшүү өттү. "Норманд форматындагы" жолугушууда Украина, Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери бир катар маселелерди макулдашты.

19-октябрдын кечинде беш саатка созулган Берлин сүйлөшүүсүндө кандайдыр бир документтерге кол коюлган жок. Бирок кеминде эки маселе макулдашылганы айтылды. Анын бири Украинадагы чатакты жөндөө үчүн түзүлгөн Минск келишимин аткаруу тартиби. Ага ылайык, келишимдин жол картасы иштелип чыгып, аны ноябрда ушул эле өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бекитиши керек. Германия канцлери Ангела Меркел Берлиндеги түнкү жолугушуудан кийин буларга токтолду:

- Бул ишти тышкы иштер министрлери жана кеңешчилер улантышы керек. Албетте, бул мурдагыдай эле оор. Биз бардык маселелерди талкууладык. Бул жол картаны аягына чыгарууга так эркибиз бар экенин көрсөттүк. Бирок азыркыдай жагдайда жасай турган иштер али көп.

Аны улай француз президенти Франсуа Олланд:

- Биз алга чуркап кетпей, Минск келишиминдеги кадамдардын ырааттуулугун сыйлашыбыз керек. Болбосо андагы кадамдардын бирин да аткара албайбыз, - деди.

Берлиндеги жолугушуу
Берлиндеги жолугушуу

Муну Украина президенти Петр Порошенко да бышыктады:

- Биз көздөгөн башкы максат - сүйлөшүүнү жол картасына айландыруу. Ал жол карта Минск келишимин аткарууну ырааттуу жүргүзүшү жана анын ишке ашышына кепил болушу керек.

12 пункттан турган Минск келишимине ылайык, Донбасстагы орусиячыл жикчилдер менен украин армиясы ок атышууну токтотушу керек. Өздөрүн Донецк жана Луганск эл республикалары атаган аймакка өзгөчө статус берүү, жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү, ошондой эле барымтадагыларды бошотуу, тынчтык сүйлөшүүлөрү жана башка маселелер каралган.

Бирок, адегенде анын кайсынысы аткарылат деген маселени Москва менен Киев талашып келет дейт “Азаттыктын” украин кызматынын редактору Ростислав Хотин:

- Украина паровоздун алдында чуркоого болбойт деп эсептейт. Адегенде толук тынчтык орнотуп, ок атышпай жарашып, куралдарды таштайлы дейт. Украин тарап көзөмөлдөнбөй жаткан өз чек араларын Украина өлкөсү көзөмөлгө алсын деп атат. Андан кийин гана саясий жагы, мунапыс, шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү, кандайдыр статус берүү-бербөө ыктымалдыгын карайлы дейт.

2014-жылы башталган уруштан ушул кезге чейин Украинанын чыгышында он миңге жакын киши өлдү.
2014-жылы башталган уруштан ушул кезге чейин Украинанын чыгышында он миңге жакын киши өлдү.

Орусия адегенде аймакта шайлоо өтүп, жикчил аймактын статусунун аныкталышына кызыкдарлыгын көрсөтүүдө. Жогорудагы жол карта маселеси ушундан улам чыгууда. Анткен менен Берлин жолугушуусунан кийин Орусия президенти Владимир Путин келишимдеги ырааттуулук боюнча так оюн айткан жок:

- Бүгүнкү жолугушуунун бардык катышуучулары Украинанын түштүк-чыгышын жөнгө салуу Минск келишимине ылайык жүрүшү керектинин бышыкташты. Бардыгы ошол сүйлөшүүлөрдү карманарын билдиришти.

Ошентсе да берки үч лидер жол карта ноябрда иштелип чыгышы зарылдыгын баса белгилешүүдө. Ага удаа эле Донбасста 6-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо маселеси да талкууланды. Ага ЕККУнун куралдуу полициясын да тартуу макулдашылды. Бирок, Донбасстагы жикчилдер зарылчылык жок деген жүйө менен буга каршы чыгышты.

Украина чыгышынын Донбасс аймагындагы чатакты жөнгө салуу үчүн келишим Минскиде 2014-жылы сентябрда түзүлгөн. Бирок, ага карабастан фронт тилкесиндеги ок атышуулар ушу кезге чейин токтой элек. Тараптар ал келишим аткарылбаганына бири-бирин күнөөлөп келүүдө. Берлин жолугушуусунан майнап чыгарына буга чейин орус тарап да, украин тарап да күмөн саноосун билдирген. Бирок ага ноябрда гана баа берсе ылайык болчудай.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG