Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Грузия сапарындагы күтүүсүз билдирүүлөр


Алмазбек Атамбаев менен Грузия президенти Георгий Маргвелашвили. Тбилиси, Грузия. 13-октябрь, 2016-жыл
Алмазбек Атамбаев менен Грузия президенти Георгий Маргвелашвили. Тбилиси, Грузия. 13-октябрь, 2016-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын биримдиги үчүн Орусияга каршы согуштарда курман болгондордун эстелигине гүл коюп, анын аймактык бүтүндүгүн колдорун билдирди.

Президент Георгий Маргвелашвили президент Алмазбек Атамбаевди Грузиянын суверендүүлүгүн жана мамлекеттик бүтүндүгүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Атамбаев тынчыбай жаткан Украинаны сынга алып, Кыргызстанда туруктуулукту орнотууда өзүнүн ролун баса белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаевдин Тбилисиде жасаган бул билдирүүлөрү коомчулукта эки ача пикир жаратууда.

Тбилисини ыраазы кылган гүлчамбар

Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапарынын алкагында Тбилисиде Грузиянын биримдиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду. Бул эстеликтин бетинде ар кайсы мезгилде Орусия менен болгон согуштарда курман болгон үч жарым миңден ашуун адамдын аты-жөнү түшүрүлгөн. Анда 2008-жылы 8-августта Орусиянын агрессиясынан курман болгондордун ысымдары да бар.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан эки ирет олку-солку кырдаалдан чыгып кеткенин мисал келтирип, Украинанын азыркы абалын сынга алды. Ошону менен бирге эле Алмазбек Атамбаев күтүүсүздөн Кыргызстан Грузиянын мамлекеттик бүтүндүгүн расмий түрдө колдорун билдирди:

Президент Атамбаев менен Грузиянын мамлекет башчысы Георгий Маргвелашвили
Президент Атамбаев менен Грузиянын мамлекет башчысы Георгий Маргвелашвили

- Украина бир ыңкылапты жайгара албай жатат. Биз мындайдын экөөнү баштан өткөрдүк. 2010-жылкы бийлик алмашууда бизде деле Украинадагыдай ондогон адамдар аянтта каза болду. Бирок биз Москвага же Вашингтонго чалып, жардам сурабадык. Бизде да облустук администрацияларды басып алышкан. Мисалы, 2013-жылы облустук бийликтин имаратын ээлешти. Эч кимге телефон чалбай эле, өзүм барып маселени чечип келгем. Көйгөйдүн баарын өзүм чечкем. Маселени сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керек. Аскерий жол менен чечүүгө аракет жасоо туңгуюкка алып келет. Анан албетте мен дагы бир жолу Кыргызстан Грузиянын аймактык биримдигин колдой турганын расмий түрдө айтам. Бүтүндүктү сактоо - ар бир өлкө үчүн негизги принцип болушу керек. Бул ар бир мамлекетке, ошол эле учурда Кыргызстанга да таандык.

Кремлге каршы кадамбы?

Саясат талдоочулар президент Атамбаев тышкы саясаттагы кадамын чукул бурганын талкуулап, Кремлдин каарынан коркпостон Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү катары расмий жарыялаганын баалашууда. Анткени Орусия 2008-жылы Грузиянын бул аймактарын куралдуу жол менен басып алып, кийин аталган республикалардын суверендүүлүгүн тааныган.

Президент Георгий Маргвелашвили Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, президент Атамбаевдин расмий сапарын тарыхый визит деп атады. Ошондой эле жооп иретинде Кыргызстанга расмий сапар менен келе турганын билдирди.

Бишкек менен Москванын достугуна доо кеттиби?

Бишкек менен Москванын достугуна доо кеттиби?

Былтыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жылуу мамиле даана байкалып, бийлик өкүлдөрү Москва Бишкектин негизги өнөктөшү экенин байма-бай айта баштаган болчу. Бирок жыл аягында эки мамлекет ортосундагы экономикалык келишимдер арабөк экени ачыкка чыкты.

Анткен менен Кыргызстандагы орусиячыл талдоочулар президент Атамбаевдин тышкы саясаттагы бул бурулушун анча жактыра беришпеди. Бирок саясат таануучу Марс Сариев Москва президент Атамбаевдин бул кадамына анчейин деле маани бербей турганын айтты:

- Президент Атамбаев бул теманы көтөрбөй эле койсо болмок. Анткени Орусия албетте, муну жакшы кабыл албайт. Кыргызстан Орусия менен стратегиялык өнөктөш. Президент Атамбаев Грузияга расмий визит жасаган учурунда эмоцияга берилбей, бул маселени айтпай эле койсо туура болмок. Муну албетте, Европа менен АКШ аябай колдойт. Анткени Грузиянын аймактык бүтүндүгү боюнча маселени алар дайыма көтөрүп келет эмеспи. Бирок бул билдирүүнүн Кыргызстан үчүн көп деле залалы болбойт. Буга Кремл көп деле көңүл бурбайт.

Жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда билим берүү, экономика жана коопсуздук тармактары боюнча кызматташууну караган документтерге кол коюлду. Мындан ары эки тараптуу ымала тереңдей турганын айткан президент Алмазбек Атамбаев Грузиядан үйрөнө турган мисалдар көп экенин айтты:

- Мен Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен эки тараптуу жолугушууда кадимки досторчо сүйлөштүк. Биз укук коргоо органдарын реформалоо, туризмди өнүктүрүү, экспортко багытталган ишканаларды түзүү, гидроэнергетика жана башка тармактардагы тажрыйба алмашуулар туурасында баарлаштык. Менимче Кыргызстандын Грузиядан үйрөнө турган нерселери көп.

Күтүүсүз жүрүш, фиништеги тышкы саясат

Ошол эле кезде социалдык тармактарда интернет колдонуучулар президент Алмазбек Атамбаев Грузияда биргелешкен маалымат жыйындын башында бир топко чейин кыргыз тилинде сүйлөгөнүн өзгөчө талкуулашууда. Анткени көпчүлүк учурда президент чет элдеги расмий сапарларында жүргөндө адатта орус тилинде сүйлөп келген. Буга карабастан президент Атамбаевдин тышкы саясаттагы соңку кадамы коомчулукта эки анжы ойлорду жаратууда.

Бийликтен кетерине бир жыл калганда буга чейин авторитардык көз карашты колдоп келген президенттин Грузияга барып, анын аймактык бүтүндүгүн жана андагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоп сүйлөгөнү коомчулукту таң калтырып, эки анжы ойго түрттү.
Равшан Жээнбеков

Саясатчы Равшан Жээнбеков муну төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Эгерде президент Атамбаев башынан баштап эле демократиялык багытты тутунган болсо анда коомчулук муну табигый көрүнүш катары эле карамак. Бирок ал бийликтен кетерине бир жыл калганда буга чейин авторитардык көз карашты колдоп келген президенттин Грузияга барып, анын аймактык бүтүндүгүн жана андагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоп сүйлөгөнү коомчулукту таң калтырып, эки анжы ойго түрттү. Анткени президент Атамбаев буга чейин Орусиянын кареги менен тең айланып, анын таасиринде болуп келген. Бүгүн анын чукул билдирүүлөрү менен мына ошол таасирден чыккысы келгендей элес калтырып жатканы байкалат.

Президент Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы Тбилисиге эки күндүк расмий сапар менен 12-октябрда барган болчу. Андан ары мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Арменияга жумушчу сапар менен учуп барды. Президент Ереванда ЖККУнун кезектеги жыйынына катышмакчы.

XS
SM
MD
LG