Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 03:55

Башкы прокуратуранын башкармалыктарында жарандардан түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча иштечү атайын бөлүмдөр түзүлдү. Бул тууралуу маалымат ушул органдан алынды. Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынынан соң бул органга кайрылгандар көбөйгөн. Бул кайрылууларга өз убагында жооп берүү жана чара көрүү максатында Башкы прокуратурада түзүмдүк өзгөртүүлөр болуп, атайын бөлүмдөр түзүлдү.

Ал бөлүмдөрдө иштегендер арыздар менен гана иштемекчи. Ошондой эле алар аймактарга чыгып, кайрылууларды текшерет.

Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү күчөтүүнү тапшырган. Тапшырманын алкагында Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурда токтотулган жана кыскартылган иштерди кайрадан карап чыгууда. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG