Өзбекстандын Бухара облустук коопсуздук мекемесинин мурдагы беш жогорку даражадагы кызматкерлери "кыйноо көрсөткөнү” жана “кызматынын кыянаттык менен пайдаланганы” үчүн узак мөөнөткө абакка кесилгенин укук оргоо органдарында иштеген расмий адам айтты.
Аты-жөнүн айтууну каалабаган адам 25-июнда “Азаттык” радиосунун өзбек редакциясына билдиргенине караганда, Бухара облусундагы Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Рустам Азимов 14 жылга кесилип, сот жабык өткөн.
Ошондой эле ал Азимовдун мурдагы төрт кызматташы 16-18 жылдан эркинен ажыратылганын айтты. Бухара шаарындагы убактылуу кармоочу жайдын мурдагы төрт сакчысы дагы ушундай эле айып менен ар бири 18 жылдан кесилген.
Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстандагы адам укуктарынын абалын жакшыртууну колго алып, мамлекеттик мекемелердин ишине бир топ өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Айрыкча мурдагы президент Каримовдун тушунда “бийликтин куралына айланган” Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинде реформа жүргүзүүдө.
Мирзиёев Мамлекеттик коопсуздук кызматын ачык сындап, Сталиндин тушундагы НКВДга салыштырган. Президент Коопсуздук кызматын 23 жыл жетектеген Рустам Иноятовду ээлеген ордунан бошоткон. Башка дагы жогорку даражадагы кызматкерлер иштен алынып камалды.